Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын фестивалы ачылды


«Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” деген аталыштагы фестивалдын ачылышы Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өттү.

Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүп жаткан фестивал бул жылы Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналды. Эл аралык фестивалга КМШ, Балтия өлкөлөрү жана Грузиянын киночулары катышууда. Уюштуруучулардын маалымдашынча, эл аралык конкурска 13 тасма, улуттук конкурска 10 тасма ат салышып жатат.

Калыстар тобун орусиялык кинорежиссер жана сценарист Лариса Садилова жетектөөдө. Садилова мындай фестивалдын Кыргызстанда уюштурулушу жергиликтүү кинонун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн билдирди. Фестивал 15-ноябрда жыйынтыкталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG