Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дискриминацияган, кодулаган көрүнүштөргө жаза чектелет. Фракция жыйынында майыптар кодуланып, жумушка орношо албай, балдар мектепке кире албай, ал тургай коомдук жайларга киргизилбей калган учурлар кездешип жатканы айтылды.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бүгүн майып адамдардын саны 120 миңдин тегерегинде, алардын 60 пайызы ишке жарактуу курактагылар. (КЕ)
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бүгүн майып адамдардын саны 120 миңдин тегерегинде, алардын 60 пайызы ишке жарактуу курактагылар. (КЕ)