Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Ысык-Көлдө 11 айда 9 адам ВИЧтен каза болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” облусттук СПИДге каршы бөлүмүнүн эпидемия бөлүмүнүн башчысы Дамира Оңгоева билдирди. Ысык-Көл областында 11 айдын жыйынтыгы боюнча, ВИЧке кабылган 91 адам каттоодо турат.

Оңгоеванын айтымында, илдетке кабылгандардын 59у эркектер жана 32си аялдар. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу көбүрөөк. Анын себеби көбүнчө абактан бошонуп келгендер жана мигранттар болууда. Ал эми СПИД стадиясында облус боюнча 6 адам бар. (MK)

XS
SM
MD
LG