Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Атамбаев Бажы биримдигине кирүү шартын айтты


Президент Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 16-декабрь, 2013.
Президент Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 16-декабрь, 2013.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин түрдүү суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынды демейдегидей президенттикке киришкенине канча күн болгондугунан баштады. Эки жыл, эки жума, эки күн...

Өлкө коопсуздугу


Ушул убакыт аралыгында Кыргызстан жеңил эмес сыноону башынан өткөрүп, элдин жардамы менен стабилдүүлүккө, ынтымакка жетише алганын белгиледи. Атамбаевдин белгилешинче, акыркы эки жылда өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыгып, Кыргызстанга 5 млрд. долларлык инвестиция тартылды.

Кудай буюрса 2017-жылга чейин Кыргызстанды коргой ала турган, бир жерден башкарылчу армиябыз болот.
Ири долбоорлор катары Датка, Айгүл-Таш-Самат көмөкчордондорунун, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын жүргүзүү иштерин, Бишкектеги Жылуулук борборунун реконструкцияланышын атады. Бул иштер 2015-жылга чейин бүтүшү керек. Булардын катарына аскер күчтөрүн реформалоо да кирет.

- 2017-жылга чейин эле бизде энергетикалык коопсуздук болот. Бирөөгө көз каранды болбойбуз. Кыш келген сайын жарыксыз калабыз деп коркпой калабыз, Кудай буюрса. 2-3 жылдын ичинде бир топ курал-жарак, жабдык келет. Кудай буюрса 2017-жылга чейин Кыргызстанды коргой ала турган, бир жерден башкарылчу армиябыз болот.

Келечек пландарга токтолгон Атамбаев Кыргызстан транзиттик өлкө катары таанылаарын, азык-түлүк коопсуздугу чечилээрин, 2017-жылга чейин 50 миң гектар жаңы сугат жерди ишке киргизүү пландалып жатканын, 2014-жылы түндүк-түштүктү бириктирчү альтернативдүү жол курула баштарын белгиледи.

Бажы биримдиги тууралуу


Бажы биримдигине Кыргызстан үчүн бардык шарттар туура болсо, биздин улуттук кызыкчылыктар корголсо гана киребиз.
Өткөн аптада Кыргызстандын биринчи вице-премьери Жоомарт Оторбаев Орусия үстөмдүк кылган Бажы биримдигине кошулуу боюнча түзүлгөн жол картасын «кабылдоого болбой турган» план катары четке каккан. Ал аталган планды Евразиялык Экономикалык комиссия жалгыз иштеп чыккандыгын эскерткен болчу. Жана бул ишке кыргызстандык адистер тартылбагандыгын, ошондуктан ал ишке ашса, Кыргызстанда социалдык толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн экенин айткан.

Бул маселеге токтолгон президент Кыргызстан улуттук кызыкчылыктар корголгон шартта гана биримдикке кире турганын айтты.

- Биз Бажы биримдигине Кыргызстан үчүн бардык шарттар туура болсо, биздин улуттук кызыкчылыктар корголсо гана киребиз. Мен муну так айткым келет. Кандайдыр бир оюндарга барбайбыз, басымдарга алдырбайбыз.

Атамбаев Бажы биримдиги тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:23 0:00


Коррупцияга каршы күрөш жана оппозиция

Коргоо кеңешинин ноябрь айында өткөн жыйынында Атамбаев коррупция менен күрөшүүнүн эки багытын сунуштаган. Биринчиси, саясий коррупцияга каршы күрөш, экинчиси - системалуу коррупцияны жоюу. Коомчулукта азыр коррупцияга каршы күрүш тандалма негизде жүрүп, бир партиянын өкүлдөрүнүн кармалышы менен чектелип жатканы айтылууда. Оппозиция өкүлдөрү болсо муну саясий куугунтук катары сыппатташууда.

Мотуев мененби, Турсунбек Акун мененби же Бекназаров менен диалогго барайынбы? Алардын жолу башкача, менин ишим башкача, мага иштеш керек...

Алмазбек Атамабев “Азаттыктын” ушуга байланыштуу суроосуна мындайча жооп берди:

- Бир партиядан көп камалып атат, бир партиядан аз камалып атат деп айтып жатышат. КСДПнын тизмесин мен өзүм карагам, ал убакта партиянын төрагасы мен болгом. Тизмени түзөрдө акча бергендин баарын ала бербей жакшы караса, балким алардан да жоопко тартылгандары аз болмок. Бул эмки шайлоого бараткандарга сабак болду.

Мага айтып жатышат, эмне үчүн прокуратура Акматбек Келдибековду камап салды, ал эми Иса Өмүркулов парктан гектарлаган жерди берип коюптур, камаган жок, дагы деле текшерип атат деп. Эгерде апрель окуяларын эстесек, бир эле гектар эмес, парк зонасы бүтүндөй басылган болчу. Баскынчылар фундаменттин ташына чейин ташып келип, жерди бүт бөлүп алышкан. Ошонун баарын шаардык милиция жетекчиси болуп турган Туратбек Мадылбеков эмес, Өмүркулов айдап чыккан. Албетте азыр деле баарын карап чыксын. Эгерде КСДПдан бирөө кармалса, жоопкерчиликке тартылсын, камалсын. Бирок бул партиядан камалып, тигил партиядан камалбай жатат дегенди ойлонуп көрүш керек да. Бир партияда мурдакы уурулар, бакиевчилер, бир партияда жыйырма жыл оппозицияда жүргөндөр...


Бийлик менен оппозиция бир үстөлгө отуруп, диалогго келиши керек деген пикирлер буга чейинки Акаев, Бакиев бийлигинин тушунда да айтылган. Азыркы оппозиция менен бийлик сүйлөшсүн, диалогго келсин деген пикирлер азыр да айтыла баштады. Мындай демилгени жакында акыйкатчы Бакыт Аманбаев көтөргөн.

Ал эми “Эл үнү” кыймылынын лидери, азыркы президенттин мурдагы өнөктөшү, үзөнгүлөшү Азимбек Бекназаров “Азаттыктагы” маегинде Атамбаев диологду түшүнбөйт деп сындаган.

Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйында пайдасы болбогон диалогдорго убакыт кетирбестигин белгиледи:

- Мурунку замандарды унутуш керек, көчөгө чыкканды эле оппозиция деп диалогго барып. Оппозиция деген ошол эле парламентте толтура отурат. Кандайдыр бир диалогдор парламентте жүргүзүлүп жатат. Мен диалогго ким менен барайын? Мотуев мененби, Турсунбек Акун мененби же Бекназаров менен барайынбы? Алардын жолу башкача, менин ишим башкача, мага иштеш керек. Ал диалогдон бир пайда чыкса баралы, куру сөзгө убакыт жок, иштеш керек.

Атамбаев оппозиция жана коррупция тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00


"Парламент популизмден алыс болушу керек"

Кумтөр маселесине токтолгон Атамбаев парламентти популизмден алысыраак болуп, реалдуу ойлонууга чакырды. Саруулуктардын өз алдынча “өзгөчө кырдаал” жарялап, өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди кызматтан алуу талабына да токтолду:

- Кичине популизмден кетип, жакшылап ойлонсо бир чечимге келгенге болот. Кээ бир долбоорлорду алсак 100 пайыз үлүшүбүз бар, ошол эле Макмал, же “Кыргызгазда” бирок бир тыйыныбыз жок. Дагы бир жакшы жылыштар болуптур, ошол вариантка макул болуп иштеп туруп, ошол эле убакта пайызды көбөйтүү же улутташтыруу боюнча жолдорду жакшылап санасак болот да. Чатак-матак чыгарып аткан Каптагаевби же саруу айылынын шылуундарыбы? Кимди тынчытыш керек? Саруудагы он киши айтты деп губернаторду, эртең премьерди, бүрсүгүнү президентти... андай болбойт эч качан.

Мамлекет башчы булардан сырткары өлкөдөгү диний кырдаал оор экенин, 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн чыгышына даярдык көрүлүп, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланып жатканын, коррупцияга каршы күрөшүү али алдыда экенин, саясий кырдаалды чайкагысы келген күчтөр жок эмес экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө охлократия, аймактык бөлүнүү, улутчулдук, жердешчилдик көрүнүштөрү басаңдап баратканын сөз кылды.

XS
SM
MD
LG