Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Элдик кошуун өкүлдөрү жыйын курду


Элдик кошуун өкүлдөрү мамлекеттин тынчтыгы үчүн ишмердүүлүгүн уланта берет. Бүгүн алардын IV съезди болуп, кошуун мүчөлөрү ушундай чечим кабыл алды. Бишкектеги Кыргыз улуттук драм театрында өткөн жыйынга кошуундун 500дөн ашуун өкүлү катышты.

Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, чогулушка ички иштер министри Абдылда Суранчиев, вице-премьер министр Токон Мамытов, Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев жана Бишкек шаардык ИИБинин башчысы Мелис Турганбаев катышып, кошуун мүчөлөрү менен пикир алмашты.

2010-жылдагы окуялар учурунда Кыргызстанда Элдик кошуундар түзүлгөн. Учурда анын 12 миңдей мүчөсү бар. Кошуунду Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев жетектейт. (SE)

XS
SM
MD
LG