Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Бажы биримдигинин "жол картасы" каралат


Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны, 24-октябрь, 2013-жыл
Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны, 24-октябрь, 2013-жыл

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Москвада Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда.

Кеңештин күн тартибинде Кыргызстандын жана Армениянын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселелер да бар. Кремль тараптан иштелип чыгып, кыргыз тараптын нааразычылыгын пайда кылган Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү "жол картасына" бүгүн Москвада кол коюлаары күтүлүп жатат. Бирок Атамбаев буга чейин Кыргызстан Бажы биримдигине өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары сакталганда гана кирерин билдирген болчу.

Ал арада эксперттер Бажы биримдигинин кесепеттери кээ бир тармактар үчүн оор болорун айтып, расмий Бишкекти Бажы биримдигине кирүүгө ашыкпай турууга чакырып келет.

Москвада өтүп жаткан Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына биримдикке мүчө өлкөлөр Казакстан, Орусия, Беларус менен катар Кыргызстан биримдикке байкоочу өлкө макамында катышууда. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов буларды айтты:

- 24-декабрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылардын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышуу максатында Москвага учуп кетет. Анда Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттеринин катышуусу менен Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык түзүмдөрүнө кирүүсү боюнча "жол картасын" даярдоо жана ишке ашыруу маселеси каралары болжолдонууда.

Шарттар талкууда

Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлгөн. Кыргызстан 2013-жылдын 29-майында биримдикке мүчөлүккө арыз берген. Ошондон бери бул тема коомчулукта ар тарабынан талкууланып, талданып келатат.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары сакталганда гана кирерин билдирген эле.

- Биз Бажы биримдигине Кыргызстан үчүн бардык шарттар туура болсо, биздин улуттук кызыкчылыктар корголсо гана киребиз. Мен муну так айткым келет. Кандайдыр бир оюндарга барбайбыз, басымдарга алдырбайбыз.

Мурдарак биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кошулуу боюнча Евразиялык Экономикалык комиссия иштеп чыккан “жол картаны” кабыл алуу мүмкүн эместигин айтып чыккан. Ал аталган планды иштеп чыгуу ишине кыргызстандык адистер тартылбагандыгын, Кыргызстан сунуштаган шарттар эске алынбагандыгын, ошондуктан ал ишке ашса, өлкөдө социалдык толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн экенин эскерткен болчу.

Ал эми экономика министри Темир Сариевдин белгилешинче, кыргыз тарап даярдаган "жол картасында" төмөнкү шарттар белгиленген:

- Биринчи шарт: бизде үч чоң дүң базар бар. “Мадина”, “Дордой” жана "Кара-Суу" базарларынын иштөө шарттарын, жоболорун толук өткөөл мезгилге деп сүйлөшүп жатабыз. Экинчиден, биздин экономика менен Казакстандын, Орусиянын экономикасы абдан айырмаланып турат. Ошондуктан Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында атайын фонд уюштуруу жана улуттук экономикада атайын бир тармактарды колдоо. Үчүнчүдөн, мигранттардын макамын так аныктоо, Бажы биримдигине кирүүнүн алдында карап алуу.

Сүйлөшүүлөр татаал, жол узак

Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов болсо Бажы биримдигине кирүү демилгесин колдогондордун бири. Бирок ал “жол картасын” эртерээк сунуштабаган өкмөттү сындады.

- Биримдикке киришибиз керек, бирок ага даярданып киришибиз керек. Кирбесек дагы чатак. Көп маселелер чыгышы мүмкүн. Ошол эле күйүүчү май кымбаттайт, коопсуздук маселелери күчөйт. Бул жерде эки анжы саясат болуп калды. Мен жасайм дегендин астында баарын карап, анын натыйжасы эмне болот деп өз сөзүн бийлик айтыш керек болчу. Азыркыдай жарга такалгандай болбой, эки жыл мурда планды талкуулап бериш керек эле.

Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү Бажы биримдигине кирүүгө каршы пикирин билдирип келишет. Алар биримдикке киргенден кийин бир катар тармактар зыянга учурайт, жеке ишкерлерге сокку болот деп тынчсызданып жатышат.

Талдоочу жана экономист Азамат Акелеевдин пикиринде, Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөр татаал жана көпкө созулушу ыктымал. 24-декабрдагы жыйында Кыргызстанды нааразы кылган "жол картасы" талкууланышы мүмкүн.

- Биздин саясий система Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн саясий системасына туура келеби, коррупцияга каршы күрөшүү, демократизациялоо, геосаясий жагы да жакшы иликтенген жок.

Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына президент Алмазбек Атамбаев менен бирге биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов, экономика министри Темир Сариев, президенттик аппараттын жетекчи орун басары Нурсулу Ахмедова жана Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык комиссиядагы өкүлү Үсөн Усупов катышууда.

XS
SM
MD
LG