Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Кыргызстан "жол картасын" кабыл алган жок


24-декабрда Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттарын тактоо мөөнөтү узартылды.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин даярдалган биримдикке кирүү боюнча “жол карта” Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбесин айтып, анын шарттарын иштеп чыгууга кошумча мөөнөт сурады. Биримдикке мүчө өлкөлөр мындай сунушка каршы. Бул тууралуу жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” маалымдады:

- “Жол картага” кол коюлган жок. Себеби бизге дагы убакыт керек. Биз "жол картаны" улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен кабыл алышыбыз зарыл. Жыйындын жүрүшүндө да президент бул боюнча түз эле айтты. Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр бизге канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт берүүгө макул болушту.

Оторбаев кошумчалагандай, эми эки тарап "жол карта" тууралуу эксперттик деңгээлде кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштайт. Өкмөт өкүлдөрү буга чейинки “жол карта” Кыргызстан менен кеңешилбей түзүлгөнүн жүйө кармап, аны кабыл алууга болбой турганын билдирген.

Муну менен катар ЕврАзЭШтин жыйынынын жүрүшүндө Орусия президенти Владимир Путин Бажы биримдиги Ереван менен Бишкекке жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди:

- Биз билгендей, Армения жана Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болууга өз каалоосун эле билдирбестен, ага кошулуу боюнча бир катар иштерди жасап коюшту. Бүгүн биздин карообузга Армениянын бул уюмга кошулуусу боюнча жол картасы сунушталууда. Кыргызстан боюнча дал ушундай эле документ макулдашылып жатат. Биз Ереван менен Бишкекке бардык керектүү көмөктү көрсөтөбүз.

Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу “жол картасын” тезирээк кабыл алууга чакырды. Назарбаевдин айтымында, биримдикке мүчөлөрдү кабыл алууда эч кандай жеңилдик берилбеши керек.

Биз "жол картаны" улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен кабыл алышыбыз керек.
- Эгер кандайдыр бир маселелер чыкса, аны талкуулаш керек. Бирок Бажы биримдигине кошулууда кайсы бир өлкөгө өзгөчө шарттарды түзүүгө жол бербешибиз керек.

Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу тууралуу маселе каралып жатканда жергиликтүү адистер окуянын өнүгүшүн талкуулап жатышты.

Өлкөдөгү Товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаеванын пикиринде, президент Атамбаевдин Бажы биримдигине кошулуу боюнча "жол картасын" даярдоого кошумча мөөнөт сураганы туура чечим болду:

- Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу улуттук кызыкчылыктардын алкагында ишке ашат деп ишенгибиз келет. Анткени бир жагынан аймактык бирикмелерге кошулуу керек. Экинчи жагынан биздин экономиканын абалын эске алганда, кесепеттерди ойлонбой туруп, Бажы биримдигине кирүү туура эмес.

"Дордой" базары
"Дордой" базары
Ал эми саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, "жол картага" кол койбой туруу чечими Алмазбек Атамбаевдин саясий салмагына да таасирин тийгизиши мүмкүн:

- Алмазбек Атамбаев Москвага кетээр алдында Бажы биримдиги тууралуу абдан чечкиндүү билдирүүлөрдү жасады. Эгер ушул билдирүүлөрдөгүдөй позициядан кайтпай аракет кылса, өлкө ичинде ага саясий упай алып келет. Эгер андай болбой калса, кадыр-баркына дагы доо кетмек.

Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын тышкы соодасында 40% ашык үлүшүн түзгөн өлкөлөр кирген бул уюмга 2011-жылдан тарта эле кошулууга ниетин билдирген. Ошондон бери бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып келатат.
Экономика министри Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине үч шарт коёрун "Азаттыкка" берген маегинде айткан. 21.11.2013
Кыргызстан Бажы биримдигине үч шарт коёт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:32 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG