Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Тажикстанда Сириядагы согушка катышкан 5 студент соттолду


Тажикстандын Жогорку Соту жергиликтүү 5 жаранды Сириядагы өкмөткө каршы козголоңчулардын тарабында согушкандыгы үчүн 2 жылга абакка кести.

Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитети шейшембиде тараткан маалыматка ылайык, соттолгондор Сириянын эл аралык университетинин студенттери болчу. Бешөө тең октябрда мекенине кайткан жеринен кармалган.

Тажикстанда чет өлкөдө жалданып согушуу жөнүндө жобо жок болгондуктан, аларга кылмыш тобуна же куралчан топко мүчөлүк кылуу боюнча айып тагылды. Адвокаттардын бири алардын Сириядагы салгылашууларга катышкандыгы жөнүндө далилдер жетиштүү эмес деп ырастоодо.

Айрым маалыматтарга караганда, ал өлкөдөгү жарандык урушка борбор азиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар да тартылышууда.

XS
SM
MD
LG