Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Ошто депутаттар мэриянын ишин канааттандыраарлык эмес деди


Ошто шаар кеңештин чечими менен мэриянын тогуз айдагы иши канааттадыраарлык эмес деп табылды. Быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калкты социалдык жактан корголушу тууралуу маселе күн тартибине биринчилерден болуп кирген. Бүгүн жаңыдан түзүлгөн башкаруучу коалиция мэриянын отчету канааттандыраарлык эмес деп добуш берди. Ал эми бүгүнтөн тарта оппозицияда калган депутаттар тобу мэрияны колдоп добуш берди.

Буга чейин Ош шаардык кеңешинде башкаруучу коалициянын негизги курамын мурдагы мэр Мелис Мырзакматов жетектеген "Улуттар биримдиги" партиясынын депутаттары түзчү. Мырзакматов жакында кызматтан алынды, ал эми анын партиясынын өкүлдөрү бүгүнтөн тарта шаардык кеңеште азчылык болуп калды. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG