Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

УКМК: Сирияда согушкан кыргызстандык кармалды


1987-жылы туулган, шектүү деп кармалган Алишер Абдукахаров.
1987-жылы туулган, шектүү деп кармалган Алишер Абдукахаров.
Сирияда согушту деп шектелген кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Кармалган киши Баткендин Кадамжай районунун 1987-жылы туулган тургуну Алишер Абдукахаров, анын каймана аты Усама экени айтылууда.

- 2012-жылдан бери ал динге үгүттөмүш болуп эл аралык террордук уюмга тартуу ишин аткарган. Быйылкы жылдын майынан октябрына чейин Сириядагы өкмөттүк күчтөр менен бандиттик уюмдардын ортосундагы кагылыштарга катышкан, - деп билдирет УКМК.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камалды. Кылмыш кодексинин 375-беренесинин (жалданмалык) негизинде кылмыш иш козголду.

Президент Алмазбек Атамбаев жакында маалымат жыйынында Кыргызстандын жарандарын Сирияга алып кетип жаткан топ аныкталганын айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG