Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Футбол: НБТ – Топ.kg 4-2


Кыргызстандагы жалпыга малымдоо каражаттары арасында өткөрүлүп жаткан футбол боюнча Медиа лига чемпионаты жыйынтыкталды. Анда НБТ телеканалы Топ.kg командасын 4:2 эсебинде жеңип алды.

Экинчи орунду "Европа плюс" алса, Топ.kg үчүнчү болду. "Европа плюстун" оюнчусу Сухраб Абитов “эң мыкты оюнчу”, ЭлТР телеканалынын жетекчиси Султан Жумагулов “эң мыкты капитан” деп табылды. Ал эми “мыкты дарбазачы” наамын “Тамаша шоу” командасынан Нурадил Каникуров, Топ.kg командасынын оюнчусу Жыргал Файзуллаев “мыкты чабуулчу” деп аталды.

Футбол боюнча Медиа лига чемпионатына жалпысынан 11 команда катышты. Оюнга Футбол федерациясы менен Спорт журналисттери федерациясы демөөрчү болду. (КЕ/КМа)

XS
SM
MD
LG