Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Волгоград курмандыктарынын сөөгү жерге берилет


Волгограддагы жардыруудан курман болгондордун алгачкыларын жерге берүү зыйнаты шейшембиге белгиленди. 30-декабрда шаарда троллбейбус жарылып, кеминде 14 киши набыт кеткен. Андан бир күн мурун ошол эле Волгоград шаарында темир жол бекетиндеги жардыруудан 17 киши өлгөн. Эки күн ичиндеги эки жардырууда 60 чакты киши жараат алды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну глобалдык террордук чабуулдун бөлүгү деп атап, эл аралык коомчулукту терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды. АКШ жооп катары Сочи олимпиадасынын коопсуздугун сактоо үчүн “тыгыз кызматташууну” сунуш кылды.

Волгограддагы жардыруулар Сочи олимпиадасынын ачылышына алты жума калганда жасалып отурат. Мурдараак Чеченстантагы козголоңчулардын анабашы Доку Умаров келерки жылы башталчу Сочи олимпиадасы учурунда чабуул жасоого үндөгөн эле.

XS
SM
MD
LG