Кыргызстанда соңку суткада өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өрткө каршы кызматтан кабарлашты. Кырсык Аламүдүндө катталды. Ага мас абалында тамеки чегүү себеп болгон. Жалпысынан кечээтен бери өлкө аймагында 39 жерде өрт чыккан. 14 кырсык жаңы жылдык пиротехникага байланыштуу болду. (KE/RK)