Казакстанда чуулгандуу киши өлтүрүү ишин кайра кароонун мөөнөтү аныкталды.
Алматынын аймактык атайын соту бүгүн парламенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Ержан Отембаевди кайра соттоону 10-декабрга белгиледи.
Отембаев оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбай уулун эки кесиптеши менен 2006-жылы өлтүрүүгө буйрук берген деп 20 жылга кесилген эле. Бирок өткөн аптада Казакстандын баш прокуратурасы Сарсенбай уулун өлтүрүүгө президент Назарбаевдин качкын күйөө баласы Рахат Алиев буйрук бергендигин көрсөткөн жаңы фактылар табылганын маалымдаган. Назарбаевдин тун кызы Дарига менен ажырашып кеткен Алиев 2007-жылдан бери Европада жашайт.