Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Канадада куш тумоосунан бир аял каза тапты


Түндүк Америкада биринчи жолу H5N1 куш тумоосунан адам өлүмү катталды. Альберта провинциясында 3-январда Кытайда болуп кайткан аял каза болду. Канаданын саламаттыкты сактоо министри Рон Амброза бул жалгыз учур жана анын жугуу коркунучу аз экенин маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы 10 жылда 648 куш тумоосу катталып, андан 384 адам ажал тапкан. Оору көбүнчө Азияда катталат.

Адистердин маалыматы боюнча, H5N1 вирусу көбүнчө ылаңдаган канаттуулардан жугат. (AiK)

XS
SM
MD
LG