Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Кыргыз ырчылары БУУнун колдоосу менен ыр жазышты


Кыргызстандык жаштарды өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга, тазалыкты сактоого үндөгөн ыр “Тамчы деңиз” деп аталат. Чыгармага тартылган клипти БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү YouTube сайтындагы расмий каналына жарыялады.

Ыр 2015-жылдан кийинки өнүгүү максаттарды аныктоо боюнча БУУнун глобалдык кампаниясынын алкагында жаралган. Аны ырчылар Мирбек Атабеков, Нурбек Савитахунов, Салтанат Аширова, Аяна Касымова, Гүлзада жана Дархан аткарышкан.

Ырдын сөздөрүн жергиликтүү акындар жазышкан. Клипти да бишкектик режиссерлор тартты. (SE)

XS
SM
MD
LG