Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Сот залында адвокатка кол салынды


Бүгүн Чүй облустук сотунда адвокат Динара Медетованы жабырлануучулар сабап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым Шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова кабарлады. Абдирасулованын айтымында, Медетова 2010-жылдагы Ош окуяларында адам өлтүрүүгө айыпталган Оштун тургуну Махаммад Бизуруковдун кызыкчылыгын коргоп жаткан. Бүгүнкү сот жараян аяктаган соң жабырлануучу тараптын туугандары Медетовага кол көтөрүп, ур-токмокко алышкан. Окуя боюнча Медетова милицияга арыз жазды.

Абдирасулова кошумчалагандай, ушул эле адамдар Медетовага былтыр 20-августта да Ошто кол салышкан. Бирок ал кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Мындан улам сот иши Ош облустук сотунун карамагынан Чүй облустук сотуна берилген.

Буга чейин эл аралык “Фридом Хаус” уюму адвокаттарга кол салууну айыптап, мындай көрүнүш Кыргызстанда күч алып баратканына тынчсызданган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG