Бул тууралуу “Азаттыкка” Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев билдирди. Анын айтымында, жалпы узундугу 9,2 келген жолдун 4 чакырымы буга чейин тегизделген. Азыр иштөөгө кыйын участогу сүрдүрүлүп жатат. Жол бүтсө Ак-Сай айылынын тургундары Баткен шаарына Тажикстанга кирбей каттай алышат.
Кечээ, 11-январда тажик тарап дал ушул жолдун курулушуна каршылыгын билдирип, кыргыз чек арачыларына ок ачкан. Буга жооп иретинде кыргыз чек арачылары да ок чыгарган. Натыйжада кыргызстандык 5, тажикстандык 3 чек арачы жарадар болушкан.
Бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандын вице-премьер министри Токон Мамытов жол Кыргызстандын аймагында салынып жатканын, такталбаган аймакка жете электигин билдирди. “Биз кандай гана болбосун жолду курабыз. Жолдун салынышы Тажикстандын да, Кыргызстандын да жарандарынын коопсуздугун камсыздайт”, - деди Токон Мамытов.
Учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинин Баткен облусундагы бөлүгүнүн 70 пайызы тактала элек. (JsA/MTo)