Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Ошто өзбек депутаттардын сүрөттөрү көчөлөргө илине баштады


Ош шаардык кеңешиндеги өзбек тектүү депутаттардын ксеронускадан чыккан сүрөттөрүн жана алардын жашаган даректери жазылган кагаздарды калаанын түрдүү жерлерине чаптап кетишүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Шавкат Кенжебаев билдирди. Маалыматты “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлдөрү да тастыкташты.

Бирок сүрөттөр жана даректер кандай максатта илинип жатканы белгисиз. Ал шаар мэрин шайлоо алдында уюштурулуп жаткан кезектеги саясий оюн болушу мүмкүн экени айтылууда. Шаардык милиция бул боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын сегизи өзбек улутунан. Алардын бешөө "Улуттар биримдиги”, экөө КСДП, бирөө "Республика" фракциясынан. (SE)

XS
SM
MD
LG