Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Нобелдин лауреаттары Путинге ачык кат жазды


Нобель сыйлыгынын 27 лауреаты жана британ актеру Иэн Маккеллен Орусияда кумсалыкка тыюу салган мыйзамга нааразылык билдиришти. “Эл аралык илимий коомдун көптөгөн мартабалуу мүчөлөрү орус өкмөтүнүн кумса жарандарына каршы аракетин жектеген саясатчыларга, өнөрпоздорго, спортсмендерге жана башкаларга өз тилектештигин билдирет” деп айтылат алар президент Путинге жазган ачык катта.

Катта алар Москваны “Михаил Горбачев жетүү үчүн катуу аракеттенген 21-кылымдын адамзаттык, саясий жана демократиялык принциптерин” колдоону шыктандырууну көздөшкөнү да айтылат. Мамлекеттик Дума былтыр июнда кабыл алган мыйзам бойго жете элек жаштар арасында “салттуу эмес жыныстык байланышты пропагандалоого” тыюу салат.

XS
SM
MD
LG