Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Өндүрүш Токтонасыров бошотулду


Бүгүн Бишкекте милиция кармап кеткен жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бошотулду. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү кабарлады. Токтонасыров Бишкек шаарынын мэрин шайлоо "шайлоо эмес эле тандоо болуп калды" деген оюн билдирип мэриянын алдына чыккан болчу. Аны Ленин райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткен. Райондук сот аны актап, кайра бошотту.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде бир добуштан мэр болуп Кубанычбек Кулматов шайланды. Ал мэрликке көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG