Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Чек арадагы мектептер бүгүн толук иштей баштайт


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймактардагы мектептер бүгүн толук иштей баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди. Чек арадагы чатактан улам 15-январда айрым мектептерде үчүнчү чейректин алгачкы сабактары болгон эмес.

11-январда Ак-Сай айылына жакын жердеги чек аралаш аймакта болгон кыргыз-тажик аскерлерининин атышуусу жана андан кийинки чыңалып турган абалдан улам эл арасында чочулоо күчөп, айрымдары коопсуз деп эсептелген аймактарга убактылуу чыгып кете баштаган.

Өткөн ишембиде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда болгон атышууда Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. (JsA)

XS
SM
MD
LG