Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Ирак: өкмөт күчтөрү Рамади шаарын согушкерлерден тазалоодо


Анбар дубанында жайгашкан Рамади шаарын “ал-Каидага” тийиштүү топтордон тазалоо аракеттери 16-январда жанданып, 21 согушкер өлтүрүлдү. “Азаттыктын” Ирак кызматы кабарлагандай, шаардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн көзөмөлүнө өттү. Согуш аракеттери жүрүп жаткан дагы бир аймак - Фаллужадагы соңку жагдай азырынча маалым эмес. Күч түзүмдөрү согушкерлер басып алган бардык район-шаарларда операцияларды улантууда.

Анбар провинциясындагы айрым аймактарды жанкечтилер эки жумадай мурда басып алган.

Иракка эл аралык уюмдардан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG