Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


Кыргыз-тажик чек арасында бүгүнкү күндө абал туруктуу. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, абалды жөнгөрүү үчүн түзүлгөн биргелешкен комиссия иштеп жатат. Чек ара жабык, бирок ал жерде топтолгон адамдар же унаалар жок.

11-январда Баткен районунда унаа жолдун курулушуна байланыштуу жаңжал чыгып, ок атышуу болгон. Тажикстан артиллерия колдонгон. Эки тараптан ондон ашуун адам жараат алган. Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушун Кыргызстан мыйзамдуу деп эсептейт, ал эми тажик тарап ал жер талаштуу экенин айтууда.

14-январда Кыргызстан өзүнүн Тажикстандагы элчисин "консультация үчүн" деп чакыртып алган. (RK)

XS
SM
MD
LG