Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Обама: көзөмөл программасы реформаланат


АКШ президенти Барак Обама өкмөттүн электрондук көзөмөл программасы реформаланарын айтты. Жума күнкү телебилдирүүсүндө президент америкалык жарандардын жеке турмушун купуя сактоо үчүн чаралар көрүлөт жана өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерин жашыруун тыңшоо токтотулат деп ишендирди:

- Улуттук коопсуздук талап кылбаса эле биздин дос жана өнөктөш мамлекеттердин жетекчилерин тыңшабайбыз деп чалгындоо кызматтарына айттым.

Америкалык аналитик Эдвард Сноуден жашыруун маалыматтарды шардана кылгандан бери АКШнын көзөмөлдөө программасы чоң талаш жаратып келет.

Обама атайын кызматтар өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо ойногон ролун жогору баалап, чалгындоо иштери жарандардын жеке турмушка укуктарын сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш деп белгиледи.

Президенттин айтымында, чалгынчылар айрым өкмөттөрдүн пландары тууралуу маалыматтарды чогултууну уланта беришет. "Мындай ишти башка өлкөлөр да жасашат, америкалык чалгынчылар эффективдүү иштегендиги үчүн эле АКШ кечирим сурабайт" деп белгиледи Обама.

АКШ лидери интернеттин пайда болушу, ааламдаштыруу дүйнөнү жана адамдарды купуялуулуктан ажыратып, өтө аялуу кылганына токтолду:

- Электрондук көзөмөл тууралуу талкуулар Американы күчтүүрөөк кылды. Себеби Кытайдан ачык дискуссияны же Орусиядан жарандардын жеке турмушка укугун урматтоону эч ким күтпөйт,-деди Обама.

XS
SM
MD
LG