Келишимдин такталган варианты ушул аптада Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Маалым болгондой, келишимдин котормосундагы так эместиктер жана стилистикалык кемчиликтерге байланыштуу келишим парламенттен чакыртылып алынган.
18-январда Кумтөр боюнча Консультативдик кеңештин жыйынында редакциялык тактоолор бекитилген. Бул келишимде кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүп, ага 50% ээлик кылууну макулдашкан. Эми ал келишим парламенттин кароосунан өтүүгө тийиш. (AiT)