Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Сирия боюнча сүйлөшүү башталды


Сириядагы үч жылдык жаңжалды токтотуу аракетиндеги эл аралык конференция Швецарияда ачылды. Монтрө шаарындагы жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүү «жөнөкөй» болбой тургандыгын белгиледи. АКШнын мамкатчысы Жонн Керри сүйлөшүү «татаал» болоорун белгилеп, бирок убактылуу өкмөт түзүлсө, президент Башар ал-Асад бийликтен кетиши керек болоорун айтты.

Өзүнө бөлүнгөн 10 мүнөттүк убакыттан көп сүйлөгөн Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Моаллем Асаддын кетиш-калышын бир гана сириялык жарандар чечиши керек деди. Ал эми оппозициядагы Улуттук Коалициянын жетекчиси Ахмад ал-Жабра Асад бийликте кала берсе, оппозиция мунасага келбей тургандыгын эскертти. Сириянын расмий өкүлдөрү менен оппозиция биринчи жолу көзмө-көз сүйлөшүүгө катышып жатат.

XS
SM
MD
LG