Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Коргоо кеңеши диний абалды талкуулайт


Кыргызстандын Коргоо кеңеши өзүнүн келерки жыйыныда өлкөдөгү диний абалды талкуулайт. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алып, 3-февралга белгиленген бул жыйынга даярдыкты талкуулады.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жунусов мамлекеттик органдар көз каранды эмес эксперттер менен бирге эгемендик жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы диний процесстерди, ошондой эле бул чөйрөдөгү азыркы кырдаалды дыкат талдап чыкканын маалымдады. Бул ишке тартип коргоо органдарынын, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да тартылганын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев диний чөйрөдө түзүлгөн кырдаалды жакшыртууга багытталган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG