Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын мүчөсү Ирина Карамушкина билдирди. Анын айтымында, фракциянын депутаттары 24-25-январда Лейлек жана Баткен райондорунда болушуп, чек ара кызматчылары жана жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрөт. Депутаттар Самаркандык, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарынын тургундары жана чек арачыларга кандай жардам көрсөтүү жактарын да изилдешмекчи. (AiT)