Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Антиөкмөтчүл чыгуулар Украинанын батышына да жайылууда


Киевде нааразылар Төбөлсүздүк майданын тегерете баррикада курушту. Ошондой эле Айыл чарба министрлигин ээлеп алышты. Бирок, төрт күн бою полиция күчтөрү менен кагылышуулар болгон жайда күндөгүдөй эрегиш жок. Украин оппозициясынын лидери Виталий Кличко бүгүн таңга жуук нааразыларга кайрылып, тынчтыкты сактоону суранды: "Мен элдешкенди каалайм. Мен, Виталий Кличко, ар бириңе кайрылам. Эртең таңга чейин тынчтыкты сактооңорду өтүнөм. Силер муну кабыл алышыңар же буга макул болбошуңар мүмкүн. Бирок, мен колумдан келгендин баарын жасайм..."

Оппозиция лидерлери 23-январдагы төрт сааттык кездешүүдө Януковичтин сунуштарын четке каккан жана өкмөттүн отставкага кетүүсүн жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Нааразы демонстранттар Украинанын батышындагы бир катар шаарларда, анын ичинде Львовдо, Ривнеде, Тернополдо, Хмелницкийде облустук бийликтин имараттарын басып алышты. Кечээ Львов облустук администрациясынын башчысы кызматтан кеткенин билдирген катын жарыялады. Буга шилтеген нааразылар облбийликтин кызматкерлерин бүгүн кеңселерине киргизбей койду.

XS
SM
MD
LG