Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Украинада Азаров премьерликтен кетти


Микола Азаров
Микола Азаров
Украин парламенти бүгүнкү кезексиз сессияда эки айдан берки антиөкмөттүк тополоңду басуунун жолун талкуулайт. Кечээ президент Виктор Янукович оппозициянын үч лидери менен кездешип, митингдерге каршы мыйзамдарды жокко чыгарууга макулдук берди. Бул маалыматты юстиция министри Оленя Лукаш 27-январда тастыктады:

- 16-январда кабыл алынып, бир катар талкууларды жараткан мыйзамды жокко чыгаруу жөнүндө саясый чечим жасалды. Эч кандай каршылык жаратпаган мыйзам кайра колго салынат. Эртең жокко чыгарылчу мыйзамды эки жак биргелешип, европанын стандарттарына ылайыктап иштеп чыгат.

Оленя Лукаш парламент өкмөттүн жопкерчилигин да карай турганын, оппозиция лидерлеринин бири Виктор Яценюк премьер-министр болуу жөнүндөгү Януковичтин сунушун ырасмий түрдө четке какканын да кошумчалады.

Микола Азаров премьер-министрликтен кетти. Ал мындай кадамга “чатакты тынч жөндөө үчүн саясый мунасага жетишүүгө кошумча мүмкүндүк түзүү максатында барганы” менен түшүндүрдү.

Оппозициячыл “Батькивщина” (Ата Журт) партиясы Киевдин Төбөлсүздүк майданындагы тарапкерлерин парламенттин чукул чакырылган жыйынына байланыштуу тараганга чакырды. АКШ вице-президенти Жо Байден Януковичти чукул кырдаал абалын жарыялабоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG