Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Даңазалуу ырчы Питер Сигер көз жумду


Америкалык легендарлуу элдик ырчы жана жарандык активист Питер Сигер Нью-Йоркто 94 жашында дүйнө салды.

Сигер XX кылымдын ортосунда АКШда элдик музыканын кайра жаралышына жана нааразылык музыкасынын пайда болуусунда зор роль ойногон инсан. Ал оболу 1948-жылы түзүлгөн The Weavers квартетинин мүчөсү катары таанылган жана солчул саясий көз караштары үчүн “кара тизмеге” кирген. Он жылдан ашуун коммерциялык телеканалдарга чыгарылбаса дагы ырларды жазып, аткарганды токтоткон эмес.

Сигер жаңылап музыкага салган “Биз жеңебиз” (We Shall Overcome) деген эски элдик ыр 1960-жылдары жарандык укук үчүн күрөштүн гимнине айланат. 91 жаштагы Питер Сигер 2011-жылы “Уолл Стритти ээле” (Occupy Wall Street) деген нааразылар кыймылы Нью-Йоркто уюштурган жүрүшкө катышкан.

XS
SM
MD
LG