Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Мектеп формасы боюнча сынактын мөөнөтү өзгөрдү


Мектеп формасы боюнча сынактын мөөнөтү өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Кылым Сыдыкназарова билдирди. Сынак эртең, 30-январда өтмөк, 15-февралга калды.

Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-классынан тартып, 11-класска чейинки окуучуларга бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү талабы мыйзам менен бекитилип, ага өткөн жылдын 30-июлунда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Билим жана илим министрлигинен кабарлашкандай, сынактын максаты - окутуунун "светтик" мүнөзүн калыптандыруу, балдарды кийимдин иштиктүү стилине көндүрүү жана ошону менен катар улуттук элементтерди жайылтуу.

Сынактын жыйынтыгы боюнча бекитилген форманын үлгүсү тиешелүү мекемелердин экспертизасынан өткөндөн кийин аны кийүү бардык мектептер үчүн милдеттүү болуп калат. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG