Жалал-Абадда тилсиз жоо бир карыянын өлүмүнө себеп болду. Чаткал районуна караштуу Сумсар айылындагы үйлөрдүн биринде кечээ өрт чыгып, ал жерден 1941-жылы туулган Виктор Гличухиндин түтүнгө ууланган сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыкка тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгону аныкталды.
Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Сокулукта өрттөн атасы менен уулу каза тапты. (RK)
Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Сокулукта өрттөн атасы менен уулу каза тапты. (RK)