Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Пакистанда сот Мушаррафты камоого буйрук берди


Пакистандын соту мурдагы президент Первез Мушаррафтын чет өлкөдө дарылануусуна каршы чыгып, аны камоого дагы бир жолу ордер берди. Буга чейин экс-президент сот залына бир нече жолу келбей калган. Ал январдын башынан тарта жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жатат. Айыптоочу тарап экс-президент соттук отурумга катыша алат деген пикирде.

Пакистандын мурдагы президенти мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда. 2007-жылы генерал Первез Мушарраф Баш мыйзамды бузуп, өлкөгө чукул кырдаал киргизген эле. (AiK).

XS
SM
MD
LG