Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Баткенде 12 миң окуучунун ата-энеси Орусияда


Баткен облусунда 12 миң мектеп окуучусунун ата-энеси Орусияда иштейт. Балдар туугандарынын колунда тарбияланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Каныбек Кудайбердиев билдирди.

Ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн балдардын арасынан 20 жеткинчек мектепке такыр барбайт. Аймактагы жашы жете электер менен иштөө инспекциясы аларды окууга тартуу иштерин жүргүзүүдө.

Баткен облусунда жалпысынан 89 миң мектеп окуучусу бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG