Коргоо кеңишинин диний кырдаалга арналган жыйынын соңунда бир катар иштердин багыты белгиленди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.
Кеңештин мүчөлөрү диний уюмдардын ишмердигин Конституциянын адам укуктары жана дин тутуу эркиндиги тууралуу жоболорун бузбастан тескөө боюнча так система иштеп чыгуу – мамлекеттин негизги милдети болууга тийиш деп макулдашышты.
Мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясатын реформалоо үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду. Дин боюнча жаңы концепциянын долбоорун 1-апрелге чейин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Жыйында президент Алмазбек Атамбаев бир катар маанилүү маселелерге токтолуп, Кыргызстанда диний бирикмелер менен дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынганын, бирок мамлекет жана бийлик өкүлдөрү дин чөйрөсүнө, дин органдарынын ишине кийлигишүүгө толук укуктуу экендигин билдирди.