Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Керимбеков: Өзбек тарапка уурдалган малды кайтарып алуу мүмкүн эмес


Жалал-Абадда мал уурулугу талкууланды.Облустук бийликте өткөн кеңешмеде айтылгандай, былтыр уурдалган 449 баш малдын 213ү табылып, ээлерине кайтарылган, бирок 116 баш уурдалган мал Өзбекстанга өткөрүлүп кеткен.Аксыда өткөн жылы уурдалган 20 баш мал да кайтарылып алына элек. Жакында төрт уй менен эки баш жылкы коңшу өлкөгө уурдалып кеткен. Райондун милиция башчысы Абдурашид Керимбеков өткөн жылы мал уурдаган жергиликтүү тургун кармалып, бирөө соттолгонун, Өзбекстанга уурдалган малды кайтарып алуу мүмкүн болбой жаткандыгын айтып, чек арачыларды, жергиликтүү калкты да бул жаатта кызматташууга чакырды. (YA)

XS
SM
MD
LG