Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Европарламент украиналык жетекчилерге каршы санкция киргизүүгө чакырат


Европарламенттин депутаттары антиөкмөттүк массалык нааразылык акциялардын катышуучуларына каршы күч колдонгон тиешелүү аткаминерлерге каршы санкцияларды киргизүүгө чакырууда. Андай жетекчилерге Евробиримдиктин аймагына кирүүгө виза берилбейт жана банк эсептери болсо убактылуу жабылат.

"Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы билдиргендей, кабыл алынган резолюцияда украиналык компаниялардын европалык банктар аркылуу арам акчаны адалдаштыруусуна каршы чараларды күчөтүү дагы баса белгиленет.
Депутаттар Европарламенттин Украинада туруктуу өкүлчүлүгүн ачуу идеясын дагы колдошту.

Юридикалык жактан алганда аткарууга милдеттендирбеген резолюция украин президенти Януковичти “демонстранттарга каршы "Бүркүт" тобун колдонбоого жана мурдагы премьер-министр Тимошенко баш болгон саясий туткундарды эркиндикке чыгарууга чакырат.

XS
SM
MD
LG