Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Атамбаев диний кырдаалды талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев менен муфтийдин милдетин аткаруучу Максатбек Токтомушевди кабыл алып, өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады. Дин комиссиясынан бүгүн кабарлашкандай, жолугушуу кечээ өттү. Анда муфтияттын тегерегиндеги ызы-чууну токтотуу, диний билим берүүнү жакшыртуу, диний жайларды курууну тартипке келтирүү жана ажылыкты уюштурууга байланыштуу маселелер козголду. Ошону менен катар диний экстремизм жана радикализмге бөгөт коюу жолдоруу тууралуу да кеп болду.

Диний кырдаал жакында өлкөнүн Коргоо кеңешинде да талкууланып, бир катар чечим кабыл алынган болчу. Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ондон ашуун уюмдун бардыгы диний багытта экенин адистер айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG