Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

Араб эмираттарында жети кыргызстандык камакта


Бүгүнкү күндө Бириккен Араб Эмираттарынын түрмөлөрүндө жети кыргызстандык камакта жатат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Алардын бешөө Дубайда, экөө Расл-Хайма жана Ажман эмираттарында. Жакында Кыргызстандын башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев жергилкитүү жаза аткаруу мекемелеринин жетекчилиги менен жолугуп, камактагы кыргызстандыктардын ал-абалы менен таанышты.

Өткөн жылы кыргыз дипломаттарынын жардамы менен бул өлкөдө камакка түшүп калган тогуз киши бошотулуп, төртөө мекенине жөнөтүлгөн. (RK)

 

XS
SM
MD
LG