Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Мыйзамсыз кийик аткандар кармалды


Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жана экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын регионалдык башкармалыгы биргеликте былтыркы жылдын жаңы-жыл түнү Кочкор районун Сары-Чат постунан Ж.К. атуу тургунга тиешелүү “Степ-Вагон” авто-унаасынан К. А. деген жаран экөө беш тоо текенин этин жана 18 баш тоо текенин мүйүздөрүн мыйзамсыз алып бара жаткан жеринен кармалган. Бул факт боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 40тан ашык уюмдар чет элдик жарандарга кийик аттырып иштешет. Чет мамлекеттерде Кыргызстанда атылган бир кийик 20 миң америка долларына бааланат.
Жакында эле кыргыз өкмөтү тарабынан кайберендерди мыйзамсыз аткандарга доо айыпты жогорулатуу боюнча демилге көтөрүлгөн.(TSh;ZKo)

XS
SM
MD
LG