Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Адил Тойгонбаев Москвада кармалды



Бул маалыматты Тойгонбаевдин Кыргызстандагы адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, Адил Тойгонбаевди 9-февралдын кечинде Европага учуп кетер алдында Интерполдун издөө кызматы Москвада кармап, эки суткага камаган:

-Мен Тойгонбаевдин Москвадагы адвокаты менен жаңы гана сүйлөштүм. Ал чындыгында эле Тойгонбаевди 9-февралдын кечинде кармашып, эки суткага камашканын айтты. Аны 2005-жылдагы документтердин негизинде кармашкан экен. Бирок ал документтердин негизинде Тойгонбаевди андан ары камоого же Кыргызстанга кайтарып берүүгө негиз жок. Ошондуктан, аны кайра эле бошотооруна ишенем,- деди Айткулов.

Тойгонбаевдин кармалганын Кыргызстандын укук коргоо органдары да тастыктоодо.

Адил Тойгонбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин күйөөсү. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин Кыргызстанда Тойгонбаевге “сүйлөшүп туруп, финансылык көз боёмочулук кылган, салык төлөбөгөн” деген айыптар менен эл аралык издөө жарыяланган.

Алматы шаардык милициясы да былтыр 28-июнда Тойгонбаевди кармап, кийин коё беришкени белгилүү. Казак милициясы Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан, ал Кыргызстанда кылмышкер деп айыпталып, издөө жарыяланганы менен, Бишкекке өткөрүп берилбей турганын билдирген.(ZB;ZKo)

XS
SM
MD
LG