Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кыргызстандык балдарды чет элдиктерге асыроого берүү жанданды


Кыргызстандык балдарды чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү маселеси эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жаңы жобо кабыл алынгандан бери кайра жанданды. Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министрлиги башка мамлекеттерге бала асырап, алып кетүү ишин уюштуруучу чет элдик компаниялардан түшкөн алгачкы арыздарды кароодо. Министрликтин маалыматы боюнча азырынча бул максат менен бир гана Финляндиялык компания толук документтерин тапшырган. Учурда компаниянын документтери УКМК, ТИМ жана ИИМдин тиешелүү кызматтарында текшерүүдөн өтүүдө.

Үч жыл мурда Кыргызстандан бала асыроого байланыштуу кыңыр иштер ашкереленген соң, тандалып алынган уюмдардын ишмердиги менен балдарды чет жакка асыроого берүү токтотулган болчу.(KE;ZKo)

XS
SM
MD
LG