Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча 12-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абат жана Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетип, багыты өзгөрүп турат.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүзү -3...-5 градус суук болот. Таласта түнкүсүн -20...-25, күндүзү -4...-9 градус төмөндөйт. Баткен облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүзү -3...-2 градуска түшөт. Ал эми Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн -8...-13, күндүзү -2...+3 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -9...-14, күндүзү -1...-6 градус суук болот. Нарында түнкүсүн -25...-30, күндүзү -10...-15 градус сууктайт.
Бишкек шаарында эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн Бишкекте -15...-17, күндүзү -5...-7 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG