Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

Кличко Януковичтин сунушун четке какты


Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле Украина оппозициясынын башчылары менен жолукту.

Фүле Киевге 11-февралда өлкөдөгү саясий кризисти басууга көмөктөшкөнү келген. Ноябрда президент Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тартып, Орусияга ыктагандан тарта өлкөдө антиөкмөттүк демонстрациялар жүрүүдө. Виктор Янкуовичтин ачык дебат өткөрүү сунушун оппозиция лидери Виталий Кличко четке какты жана оппозиция талап кылгандай, кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлсө гана, дебатка барарын айтты. Кличко Штефан Фүле менен кездешүү алдында "Башкы маселе жалгыз оппозиция менен эмес, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө салым кошуу үчүн көчөгө нааразылыкка чыккан эл менен мунаса табуу” деп билдирди.

Украинада жалпы элдик шайлоо 2015-жылы өтөт.

XS
SM
MD
LG