Ушу тапта Жогорку Кеңеште Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы каралууда. Бул боюнча аталган комиссиянын төрагасы, депутат Нарынбек Молдобаев маалымат берүүдө. Буга чейин комиссия дирекциянын ишинде бир топ кемчиликтер табылганын буга чейин маалымдаган.
Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу былтыр январь айында жоюлган. Аталган дирекцияны азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген. (BkA)