Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Альтернативалуу жолдун курулушу быйыл башталат


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген жаңы жолдун курулушу быйылтан тарта башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдыманап Мурзабеков билдирди. Анын айтымында, жолдун курулушун каржылоого 400 миллион долларды Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан насыя катары алууга кол коюлган. Учурда бардык даярдыктар толугу менен жүрүп жатат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү бириктирчү жаңы жол куруу зарылдыгын белгилеп, бул жолдун техника-экономикалык негиздемесин түзүүнү жана каражат табууну өкмөткө тапшырган. Алдын ала эсептер боюнча, 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна 700 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG