Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Депутат менен дарыгердин чырына себеп болгон бейтап каза болду


Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин тууганы Арстанбек кызы Алтынай каза болду. Бул тууралуу ооруканадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки күндөн бери комада жаткан келин бүгүн эсине келбей үзүлгөн.

Арстанбек кызы Алтынайдын абалынын начарлашы Улуттук Госпиталдын дарыгери Жамалбек Тургумбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин чырына себеп болгон. Анда Тургумбаев аны Жогорку Кеңештин депутаты депутаты Нурбек Мурашев “жакынымды жакшы карабайсың” деп токмогонун айтып, ооруканага жаткан Депутат болсо мындай айыптоолордун баарын четке кагып, өз ишине шалаакы мамиле жасаган дарыгер жоопкерчиликтен качып жатат деп түшүндүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG