Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Орусияда дагы бир кыргыз жаранынын өлүгү табылды


Орусиянын Звенигород шаарындагы аскер бөлүгүнө жакын жерде кыргыз жаранынын өлүгү табылганын Москвадагы элчиликтен кабарлашты. Маркум Чүй облусунун Кант районуна караштуу Люксембург айылынын 44 жаштагы тургуну экени аныкталды. Сөөк 15-февралда табылган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал күч колдонуп өлтүрүлгөн.

Кылмышка шектүү катары Өзбекстандын эки жараны кармалды. Орусиянын укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG